Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Судьялардын деңгээли сот болуп иштегенге жетпейт

Күн чекит | 14 Ноя 2018 | 836 | 0

Бүгүн 14-ноябрда  Нарын шаарынын сотунун судьясы А.Дга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Судья буга чейин соттук отурумдун катышуучуларына судьяны сыйлабаган мамилеси үчүн айып салган.

Нарын шаарынын сотунун судьясына карата Кылмыш жаза кодексинин “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” (305), “атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу (328) беренелери менен иш козголду. Дал ушундай эле судьяларга республика боюнча кылмыш иштери козголуп жатат. Бул көрүнүштүн негизги себептерин «Күн чекит» программасында Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун сот реформасы боюнча кеңешчиси Дастанбай Айжигитов айтып берди.

-Үстүбүздөгү жылы судьяларга кылмыш иштери байма-бай ачылып жатат. Муну сот системасындагы реформанын бир көрсөткүчү катары баалоого болобу?

Азыркы учурда соттордо өзүн-өзү тазалоо процесси башталды. Бул көрүнүштү дагы ошонун бир көрсөткүчү десек болот. Бирок бул иштер мурда эле козголгон болчу. Себеби соттордун кылмыш жоопкерчилигине тартуу тартип комиссия аркылуу өтөт. Ошондуктан Нарын сотунун судьясынын үстүнөн жоопко тартуу уруксатын бул комиссия эми гана бериши мүмкүн.  Мындан улам маалымат эми гана коомчулукка чыгып жатат.  

-Анда бул системада реформа башталды деп айтууга негиз жокпу?

Сот системасындагы реформа чындап айтканда Советтер союзу жоюлуп, Кыргызстан эгемендик алган жылдары эле башталган. Бирок анын эң күчөгөн мезгили деп азыркы учурда айтсак болот. Анткени азыркы бийлик тараптан буга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Эң күчтүү аракеттер жасалып жаткан убагы.

Судьялар эмне үчүн ушундай кадамдарга барып жатышат?

Кылмыш иштери козголгон көрүнүштөрдү изилдей келсек, анын себептери абдан көп. Негизгиси, бул соттордун көз карандуу болгонуна тиешелүү болуп чыгат. Буга кошумча соттордун деңгээлинин төмөндүгү жана башка… Бирок кылмыш ишин так билмейинче, башка жагын айтуу өтө кыйын.  

Судьяларга коомчулук тараптан дагы нааразычылык көп айтылат. Чындыгында, алардын деңгээли өтөт төмөн болуп жатабы?

Биринчиден, тандоо жактан каталар кетип калып жатат. Андан ары тандалган адамдардын деңгээли сот болуп иштегенге жетпей калууда. Ал билим жагынан, моралдык жана жүрүм-турумунан болууда. Ошондой эле телефондук укук. Бирок негизгиси, соттордун ачык иштебегендигинде.

-Андай болсо, алардын деңгээлин кантип көтөрүү керек?

Алардын деңгээлин биринчиден тандоо этабынан баштоо керек. Себеби сотторго кимдер тандалып, адилеттик үчүн кимдер иш алып барып жатканы эң маанилүү нерсе. Экинчиден, судьяларды тандоо кеңеши болуп жатпайбы… Алардын ишинин дагы ачыктыгын камсыз кылуу керек. Ал жердеги бир топ шарттарды кайра карап чыгуу зарыл. Анан албетте ,кадрларды окутуу маселеси. Даяр кадр эч жерде жок. Ошондуктан аларды окутуп, тарбиялоо шарт. Ошентип бул жерде кадам-кадам менен ишке ашыра турган маселелер бар.

Маегиңизге чоң рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM