Биз менен байланышыңыз

CNN Трампты сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 1011 | 0

CNN телекомпаниясы АКШ президенти Дональд Трамп менен бир катар Ак үйдүн өкүлдөрүнүн үстүнөн арыз жазды. Алардын талабы — Американын Ак үйүнө кирүү аккредациясынан ажыраган журналисти Жим Акостанын укугун коргоо.

6-ноябрда АКШда өткөн парламенттик ара шайлоонун артынан президент Трамп журналисттерге пресс-конференция уюштурган. Ал жерде CNNдин башкы кабарчысы Жим Акоста: “Эмнеге келе элек эле Гондурастан чыккан мигрант агымын коркунучтуу көрсөтүп, жарыялап жатасыз? Шайлоодо Орусия тараптан кийлигишүүлөр сизди тынчсыздандырабы?”-деген суроолорун  бергенде президент терс пикирин айтып, анын суроо бербешин жана микрофонду андан алып коюуларын талап кылган. Журналист бербей, суроосун аягына чейин бергенде, Трамп аны копол, коркунучтуу адам деп сыпаттап, CNNди элдин душманы катары атаган.

Бул окуянын артынан Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс Акоста “президенттин талабын аткарбай, микрофонду алайын деген жаш кыздын колун кармап туруп алганы үчүн” Ак үйгө кирүү укугунан ажыратылганын билдирди.

Бирок CNN арызында маалымат катчынын айыптоосу жалган экенин айтып, кабарчысы Трампка ыңгайсыз суроолорду бергени үчүн аккредациядан ажыратылганын жазышкан. Америкадагы сөз эркиндигине карата кысым катары бааланган окуяга үчүнчү тараптар да баа берип, журналистти колдошкон.

Ак үйдүн алдындагы кабарчылар союзу Жим Акостага жасалган мамиле орунсуз жана адилетсиз болгонун билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM