Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бишкек ЖЭБиндеги авариянын чыгымы 90 млн сомго жакын

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 743 | 0

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан улам кеткен чыгымдын суммасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу  парламенттин тармактык комитетинин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жылуулук борборундагы авариядан улам кеткен жалпы чыгым 89 млн 699 миң 230 сомду түзгөн. Андагы 12 млн сом авариядан кийинки калыбына келтирүү иштерине кеткен.

Калган 77 млн 600 миң сом “Бишкекжылуулуктармагы” ААКынын бюджетине түшпөйт. Себеби 2018-жылдын 28-январынан 2-февралга чейин жылуулукту кайрадан эсептөө жүргөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM