Биз менен байланышыңыз

Базардан баар тапкан кыргыз-тажик эли

Коом | 13 Ноя 2018 | 1426 | 0

Кыргыз-тажик эли соода кылган чек арадагы базар 18 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Анда кыргыз жарандары сатуучу, алармандар тажикстандыктар. Эки улуттун ынтымагын бекемдөө, чек арадагы жаңжалдардын алдын алуу үчүн атайын уюштурулган иш-чараларсыз деле соода мамилелери туруктуу уланат. Болгону чек арадан өтүүдө эки мамлекет шарттарды жеңилдетип берсе дешет соодагерлер.

Баткен районунун Тажикстан менен чек чектешкен жериндеги Карабак базары жумасына бир жолу эки улутту бир арага топтойт. Базар  башчысы Сахридин  Сүйүновдун  айтымында, 2001-жылы чек арага базар уюшулганы да жөн жеринен эмес.

-Бул жерде кыргыз-тажик элин соода жүргүзөт. Айрыкча биздин өрүк Тажикстан Республикасына кетет. Биз тарап негизинен сатуучу. Тажик туугандар менен ушинтип алака кылып турабыз. Чек ара жакын болгондуктан тажик туугандар көп келишет.

Район аймагындагы жыйналган өрүктү сатуу негизинен ушул базарда жүрөт. Сатуучулардын бири Кавсар Дүйшеевдин айтымында, ар жумада 500 тоннага чейин багбан өрүгүн кошуна өлкөнүн соодагерлерине сатат.

Тажиктер келбей калган учурда базар бираз басандай түшөт. Өрүгүбүз өтпөй туруп калат. Жергиликтүүлөргө сатуу бираз кыйынга турат. Базар баасын жогорулатып, төмөндөткөн да тажик туугандар.

Өрүк соодасы менен алектенген тажикстандык соодагер Мухайе Турсунова чек арадагы көзөмөл өрүктүн баасына таасирин тийгизерин айтат. Баанын арзандап кетүүсү бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнө жараша болот.

-Бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн азайтса биз үчүн жакшы болмок. 1 кг өрүктөн эле алынган акы кирешебизден кол жуудуруп калышы мүмкүн. Аны эске алганда өрүктү арзаныраак баада алганга аракет кылабыз. Ошол себептен чек арадагы төлөмдөрдү жеңилдетип беришсе дыйканга да алуучуга да ыңгайлуу болуп, өрүктүн баасы да көтөрүлөт эле.

Бодо мал менен соода кылган тажикстандык соодагер Савридин Узаков соода учурунда болгон көйгөй, пикир келишпестиктерди четке кагат.

Мен Тажикстандан ар дайым ушул базарга келип соода кылып турам. Эч кандай пикир келишпестик жаралбайт. Кыргыздар менен ушинтип дос болуп калганбыз. Бул жерде мал менен соода сатык кылам, досторум да көбөйдү. Алар Тажикстанга барат, биз Кыргызстанга келебиз.

Союз учурунда Баткен районунун тургундары Тажикстандын Исфара шаарындагы базарларда соода кылышкан. Өлкө эгемендүүлүк алгандан соң эки өлкөнүн соодагерлери чек арага жакын жайгашкан базарларда соода мамилесин жүргүзүп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM