Улуттук банк 12-ноябрда интервенция жасап, валюта рыногуна 12 млн 900 миң доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
5-ноябрда Улуттук банк 10 млн 850 миң доллар өлчөмүндө интервенция жасаган.
Ал эми сентябрь айында 19 млн 650 миң доллар саткан. Бул жылдын эсебинен жалпы 6 жолу интервенция жасалып, 74,2 млн доллар сатылды, 20 млн 550 миң доллар сатып алынды.