Биз менен байланышыңыз

Абанын табы -15° төмөндөйт

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 546 | 0

13-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

13-14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -0…-5°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5°, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -3° +2°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук;

Нарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаажолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM