Биз менен байланышыңыз

Назарбаевден кийин Казакстанды ким башкарат? «Мураскерлердин» тизмеси

Дүйнө | 13 Ноя 2018 | 1852 | 0

Америкалык The Diplomat басылмасы “Казакстанда Нурсултан Назарбаевден кийин ким  президент болушу мүмкүн?” деген темада макала жазды. Анда Назарбаевдин «мураскери» болуу ыктымалы бар делген таасирдүү ысымдарды атаган.

«Казакстандагы бийлик түзүмү, көпчүлүк постсоветтик өлкөлөрдөгү сыяктуу эле пирамидалык мүнөздө түзүлгөн. Мындайча айтканда, бийлик да, бюджет да өйдөдөн ылдый карай бөлүнөт. Мындан улам, Казакстанда Нурсултан Назарбаев кокус бийликтен кете турган болсо, анын ордун ким басары белгисиз. Айрыкча, Казакстан сыяктуу өлкөдө бийликтин алмашуусу өтө татаал»,-деп жазат басылма.

Америкалык басылманын пикиринде, Назарбаевдин ордуна жогорку бийлик эшалонунда аралашып жүргөндөрдүн бири келери анык. Себеби алар да азыркы калыптанган системанын түп-тамырынан бери өзгөрүүсүнө көп кызыкдар эмес.

The Diplomat алардын арасынан Касым-Жомара Токаев, Карим Масимов, Имангали Тасмагамбетов, Дарига Назарбаева жана Тимур Кулибаевдердин «мураскер» болуу мүмкүнчүлүктөрү жогору деп эсептейт.

Айрыкча, эң биринчилерден болуп, Касым-Жомарт Токаевдин ысымы айтылууда. Анткени ал Сенаттын төрагасы катары өлкөдөгү экинчи таасирдүү жетекчи болуп турат. баш мыйзам боюнча да, президентке бир нерсе болсо, анын ордуна Сенат төрагасы келери так көрсөтүлгөн. Бирок анын кемчилиги катары «ички саясатта тажрыйбасы жоктугун» басылма белгилеп өткөн. Ошондой эле жаш курагы да 65те.

Дагы бир потенциалдуу талапкерлердин бири – Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимов. Анын артыкчылыктары катары экономикалык башкарууну мыкты өздөштүргөнүн жана Кытай менен Орусияны жакшы «тааный» тургандыгын The Diplomat жазат. Ошол эле убакта Масимовдун «кемчилиги» катары анын этникалык уйгур тектүү болгонун белгилешет. Анткени Казакстандагы эң жогорку кызматка башка улуттун өкүлүн коюуга көпчүлүк мүмкүнчүлүк бербейт деп кошумчалаган.

Имангали Тасмагамбетов жогоруда аты аталгандарга караганда да президент болуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Так ошол үчүн да анын президент болушу мүмкүн эмес деп жазат The Diplomat. Макалада айтылгандай, Тасмагамбетов өкмөттө таасирдүү роль ойногонуна карабастан, 2016-жылы аны Орусияга элчи кылып жиберишкен. Анткени Назарбаев ошол кезде эле анын өзүнө атаандаш болорун сезип, «конституциялык жол менен» бут тосуу аракетин көргөн. Себеби Казакстандын президенттигине талапкер адам өлкө аймагында туруктуу 15 жыл бою жашаган болуусу шарт деп баш мыйзамда көрсөтүлгөн.

Ал эми Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын президент болуу мүмкүнчүлүгү өтө аз. Биринчиден, анын саясий тажрыйбасынын жоктугу болсо, экинчиден, анын аял киши экенин белгилешет. Ал президенттикке караганда өкмөт башчы же министр болууга татыктуу деп кошумчалайт макалада.

«Бирок коңшу Кыргызстандагы өткөөл мезгилде өлкөнү башкарган Роза Отунбаеваны мисалга алсак болот. Бирок ошондо деле Дарига Назарбаева, Отунбаевадай башкарып кетүүсүнө ишенүү кыйын. Себеби Отунбаева  Борбор Азияда калыптанып калган улуттук саясатта аялдарга орун жок деген түшүнүктү четке каккан адам»,-деп жазган басылма.

Казакстандагы тактыга татыктуу дегендердин дагы бири Назарбаевдин күйөө баласы, тагыраак айтканда, ортоңку кызы Динаранын жолдошу Тимур Кулибаев.

Тимур Кулибаев – жогорку билимдүү. Башкаруучулук жактан тажрыйбасы жетиштүү. Бирок анын жеке жашоосундагы «айрым» кадамдары өзүнө бут тосору анык. Анын казакстандык бай айымдардын бири Гога Ашкенази менен болгон мамилеси жана андан эки уулдуу болушу «кемчилик» болуп саналат. Ошондой эле 2011-жылдын декабрындагы Жаңыөзөн окуясындагы иш аракеттери да ага терс пикирлерди жаратат. Себеби мунай казуучулардын нааразычылыгында 14 адам каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM