Биз менен байланышыңыз

Ошто СПИДке каршы күрөшүү иш-чаралары өтөт

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 565 | 0

Ошто 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында бир топ иш-чаралар өтөт.

“Өзүңдүн статусуңду бил” бир айлыгынын алкагында жарандар үчүн жашыруун ВИЧ-инфекциясын тестирлөө ыкмасы менен акысыз текшерүүлөр уюштурулат. Текшерүүлөр Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунда, шаардын жогорку окуу жайында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык тармактардын, жаштар жана аялдар комитеттеринин, аскер бөлүктөрүнүн катышуусунда ВИЧке каршы акциялар, медицина кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу максатында семинар, тренингдер уюштурулат.

Мындан сырткары, жогорку жана орто окуу окуу жайларда мектептерде, дарылоо-профилактикалык мекемелерде санитардык баракчаларды, стенддерди, дубал газеталарды даярдоо боюнча Ош шаары жана облусу боюнча конкурстар өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM