Биз менен байланышыңыз

Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби жарык көрдү

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 747 | 0

Маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби жарык көрдү. Китепте журналист кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, документалдык тасмалары чечмеленип, жазуу түрүндө киргизилген.

Ошондой эле журналисттин көзү тирүү кезиндеги кызыктуу блогдору, макалалары, фотобаяндары камтылган.

Китеп “Азаттык Медиа” мекемесинин демилгеси жана “Сорос — Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу аркылуу жарык көрдү. Анын бет ачары бүгүн, 13-ноябрда өтөт.

Иш-чарага Уланбек Эгизбаевдин кесиптештери, устаттары жана көзү тирүү кезинде тарткан каармандары чакырылган.

Эске салсак, Уланбек Эгизбаев 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн учурда сууга чөгүп каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM