Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Облустук гезиттердин деӊгээли түшүп кетти

Коом | 12 Ноя 2018 | 1010 | 0

Ысык-Көлдө тарыхы бар облустук «Ысык-Көл кабарлары» жана «Вести Исык-Куля» гезиттерине быйыл 80 жыл толду.

-Учурунда биздин гезитибиз чоӊ форматта жумасына 5 жолу басылып чыкчу. Ал кезде 54 кызматкер иштеп, 10 миӊ нуска болчу. 

Бул облустагы «Ысык-Көл кабарлары» гезитинин башкы редактору Абдыжапар Эгембердиев. Редактордун муну айтып жаткан себеби, азыр басылманын дарамети алдаганча төмөндөп, гезит аз санда басылып чыгууда. Анын айтымында, материалдык техникалык базанын эскилиги жеткен.

Биринчиден биздин гезиттин материалдык-техникалык базасы начар болуп жатат. Кызматтык автоунаа жок, диктафон, фотоаппарат, компьютер деген техникалык каражаттарда кемчилик бар. Ага карабай жаш кадрларды даярдап болгон аракетибизди жумшап иштеп келе жатабыз. Анысы аз келгенсип жергиликтүү жетекчилер гезит алууга жазылбай, окурмандар азайып кетти.

Дегендей эле, 80 жылдык тарыхы бар облусттук гезиттин деӊгээли ылдыйлашына дагы бир жүйө бар. Акыркы 10 жыл ичинде окурмандарын жоготту. Ошондон улам, жумасына болгону 1,5 миӊ нускада гана Бишкек шаарынан басылып келет. Ал да өз учурунда коомчулукка жеткирилбей, мөөнөтүнөн өтүп кетет. Бул жагдайга почтада иштеген кызматкерлер да таасирин тийгизип жаткандарын журналист Жээнбай Түрк айтып, кесиптештеринин түйшүгүн белгиледи.

-Азыр заман башка болуп, бардык нерсе өзгөрдү. Гезитке көп көӊүл бурулбай калды. Мунун да себептери бар. Облустук, райондук почталар иштебейт. Анда эмгектенгендер гезитти күндө ташыбайт. Качан келди эле деп сурасаӊ өткөн жумада деген жоопту алабыз. Аны жеткирүүгө почтальон жок да.

Ошого карабай гезитте эмгектенген жамаат бул кыйынчылыктарга көз жумуп, облустагы бийлик саясатын, социалдык экономикалык абалын жана саламаттыкты сактоо темаларын чагылдырып келишерин жашырбайт. Азыркы тапта окурман жоготконунун дагы бир себеби, бул интернет, сайт жана теле, радио жаатында атаандаштык орун алып жаткандыгын Шейшакан Жаналиева баамдаган.

Гезит менен интернет, телерадио байланышында атаандаштык күч деп айтып жатабыз. Биз эмне үчүн утулуп калып жатабыз. Анткени басылмада жумасына бир жолу нуска чыгат. Биз маданият министрлигинин карамагында тургандыктан аймактар деген сайт бар. Бирок ага да керектүү гана материалдарды беребиз. Ошондон улам гезиттин кереги барбы, жокпу деген сөз козголуп жатат. Кандай болгон күндө дагы элеттиктер үчүн керек.

Бул өӊдүү жүйөлөр менен таанышкан облус жетекчилиги кайрадан жергиликтүү басылмаларга көӊүл бөлүп, алардын деӊгээлин көтөрүү жагын эске алууда. Бул боюнча эмгек жамаатына бир нече сунуштарды мисал катары калтырып, азыркы атаандаштыктан чыгуу жолдорун иштөө керектигин кабарлады. Биринчиден жаш кадрларды толуктап, эл кызыккан темаларды чагылдырыш керек. Андан соӊ катталуунун жолдору, почта аркылуу жеткирүу шарттарын түзүүгө көмөктөшө тургандыгын Акылбек Осмоналиев убадалады.

-Биз гезиттердин тагдыры тууралуу заманбап ойлонушубуз керек. Бул боюнча почтанын жетекчисин кабыл алып, айыл өкмөттөр менен сүйлөшүп чечүү жолдорун издейм. Ошол эле «Супер Инфо» эмне үчүн 70 миӊ нускада чыгып жатат. Эмнеге деген суроо коюш керек. Биз ар нерселерге чектөө киргизбейбиз. Бизде эриш- аркак иштеген бир жактуу болбойт, эки тараптуу аткаруу керек.

Маалымдай кетсек, аймактагы «Ысык-Көл кабарлары» жана «Вести Ысык-Куля» гезиттери  1938-жылы түптөлүп, ал арадан бери 3 жолу негизделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM