Биз менен байланышыңыз

Президент: Айтматовдун чыгармачылыгы искусствонун бардык түрүн өнүктүрөт

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 647 | 0

Бишкекте бүгүн, 12-ноябрда «Айтматов жана театр» эл аралык фестивалы башталды. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчы куттуктоосунда Айтматовдун чыгармачылыгы  искусствонун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз болоорун белгилейт. Ошондой эле бул фестиваль улуу жазуучунун чыгармачылыгынын жаңы кырларын ачат деген ишенимин билдирген.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракенин алкагында фестиваль 17-ноябрга чейин уланат. Жума бою Бишкек Орусиядан, Азербайжандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген театралдык жамааттарды кабыл алат.

Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан жана Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынан көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM