Биз менен байланышыңыз

Батир жана унааларын жашырган соттор аныкталды

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 598 | 0

Бир катар соттор Бирдиктүү салык декларациясын толтурууда батирлерин жана унааларын жашырышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Башкы прокуратура мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген кызматкерлер тарабынан кирешелерди, чыгашаларды дикларациялоо мыйзамын бузуу жана мүлкүн жашыруу боюнча Салык кызматынан келип түшкөн материалдарды изилдеп чыкты.

“Кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо Департаментинин Бирдиктүү маалымат системасынын маалыматтарына ылайык, бир нече соттор декларацияны толтурууда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн толук көрсөтпөгөндүгү аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура тарабынан Сот кеңешинин Дисциплинардык комиссиясына декларацияны толтурууда бар мүлкү тууралуу толук маалымат бербеген сотторду административдик жоопкерчиликке тартуу тууралуу сунуш киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM