Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков 2019-жылы Францияга барат

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 882 | 0

Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар Парижде Биринчи Дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына карата өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Анын алкагында Дастанбек Жумабеков менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусу өттү. Анда ал президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылы Францияга иш сапар менен келерин маалымдады.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Париж тынчтык форумуна катышты. Анда Париждеги китепканага Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдугу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM