Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Жер-Үй алтын кени боюнча катуу чаралар көрүлүшү керек

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 786 | 0

Жер-Үй алтын кени боюнча катуу чаралар көрүлүшү керек, ал биздин Кумтөрдөн кийинки экинчи байлыгыбыз. Мындай пикирин депутат Алмамбет Шыкмаматов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында,  Жер-Үйдүн лицензиясы 100 млн долларга сатып алышкан. Алар азыр эл аралык биржаларда 300-400-500 млн долларга сатышы мүмкүн. Эгерде алтын алып чыга турган болсо, анда өлкөгө роялти, бонус жана салык төлөшсүн деп белгиледи.

А эгерде антпесе, пайдалануу укугун алып коюуга толук укугубуз бар. Алар бардык мөөнөттөрдү бузушту, 3-4 жыл өттү деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM