Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын «ээсиз» калган элчиликтери көп

Саясат | 12 Ноя 2018 | 989 | 0

Бүгүнкү күндө 8 өлкөдө Кыргызстандын элчилери жок. Атап айтсак, Өзбекстан, Индия, Түштүк Корея, Малайзия, Ооганистан, Түркменистан, Азербайджан жана Япония. 

Учурда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине Ибрагим Жунусов сунушталды. Анын талапкерлиги 13-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралат.

Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштейт.

Ушул тапта сегиз мамлекетте Кыргызстандын элчилери жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан  билдиришти.

Азыркы учурда Түштүк Корея, Индия, Япония, Өзбекстан, Малайзия, Түркмөнстан, Ооганстан жана Азербайжан мамлекеттеринде Кыргызстандын элчилери жок. Ооганстанда оор жагдайга байланыштуу элчи дайындала элек, бирок убактылуу ишенимдүү өкүлү бар. Ал эми Малайзия боюнча түшүндүрмө берилген эмес.

Бош турган элчиликтерден тышкары башка мамлекеттердеги элчилердин да мөөнөтү бүтүүдө. Азырынча талапкерлердин ысымдары айтыла элек. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Карамат Орозова эми элчи кызматына көрсөтүлгөн талапкерлерге талап катуу караларын билдирди.

-Элчилер Кыргызстандын жүзү болот. Ошондуктан башка өлкөгө элчи кылып чыныгы дипломаттарды дайындашыбыз керек. Эгерде чыныгы дипломат болбосо, терс көрүнүштөр дагы кайталанат. Бир убактарда өлкөдө мурда бийликтин убагында элчиликтерге адискөй эмес адамдар жиберилген. Элчи деген чыныгы дипломат, Кыргызстандын кызыкчылыгын колдогон, эки мамлекеттин байланышын чыңдаган жана инвестиция тарткан кызматкер болот. Ушундай адамдар элчиликке талапкер катары көрсөтүлсө деп айткым келет.

Кыргызстан тышкы саясатында дүйнөдөгү көп өлкөлөр менен ар тармактуу мамиле түзүп келет. Элчилерди дайындоодо жаңы Тышкы иштер министринин таасири болот. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов билдирди.

Анын айтымында, азыр президент тышкы саясатка өзгөчө көңүл бурууда. Ошого ылайык, элчилер да шашылбастан, дыкаттык менен тандалууда.

-Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси (ред. Кадыр Токтогулов) жакшы иштей албай жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө жаңы президент келгенде, элчилер сөзсүз өз арызы менен кызматтан кетишет. Бизде андай кылган жок. Азыр президент тышкы саясатка көңүл буруп, кадрларда тандалууда. Ошонун арты менен татыктуулар элчиликке келет деп ойлоймун.

Баш мыйзам боюнча элчилерди президенттин буйругу менен дайындалат. Элчи дайындоодо дипломаттык кесиби жок, бул жаатта тажрыйбага ээ эмес, мурда-кийин кайсы бир мамлекеттик кызматта иштеген адамды коюу — СССден калган эски адат катары бааланып жүрөт. Серепчилер мындай тажрыйба Акаев, Бакиев жана Атамбаевдин башкаруусу убагында кеңири колдонулуп келгенин белгилешет.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов жаңы дайындала турган элчи президенттин ишеничине ээ болушу керек деп эсептейт.

-Өлкөдө бийлик алмашкандыктан, элчиликтердеги вакансиялар көпкө чейин туруп калды. Президент май айында күзүндө элчилердин жыйынын өткөрөлү деп айткан. Ошого жараша тышкы саясаттагы кадр маселелери да каралат го. Элчи сөзсүз президенттин ишеничине ээ болуусу керек. Анткени ал кызматкер мамлекеттин атына сүйлөп, президенттин ошол өлкөдөгү өкүлү болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. Чет жерлерде Кыргызстандын 30 дипломатиялык өкүлчүлүгү, сегиз консулдук бөлүмү бар.

Copyright © 2017 Maral FM