Биз менен байланышыңыз

Өкмөт социалдык коргоо тутумун санариптештирет

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 611 | 0

Өкмөт социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга, өзгөчө  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата социалдык тейлөө тармагы кеңейтилет.

Балага сүйүнчү пул бирдиктүү терезе принциби боюнча ишке ашат, мында мамлекеттик каттоо органдары тараптан калктан арыз алынып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү кошо жасалат.

“2019-жылы Кыргызстан тараптан Бириккен улуттар уюмунун Майыптардын укугу тууралуу конвенция ратификацияланышы күтүлүүдө. Аз камсыздалган жана эмгекке жөндөмсүз жарандарга социалдык жөлөк пулдар толук жана өз учурунда төлөнүп берилет», – деди премьер-министр.

Ошондой эле билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу пландаштырылып, эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү программасына балдарды тартууну көбөйтүү каралат. Эл аралык тажрыйбаларды эске алып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча жеке ишкерлердин бала бакчаларды салуусуна шарт түзүлөт. Ал бала бакчалар ишмердүүлүк салыгынан бошотуларын кошумчалады.

Ал эми саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясат болсо адамдын өмүрүнүн бардык курактарында ден соолугун сактоо, чыңдоо, ооруну алдын алуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталат.

Copyright © 2017 Maral FM