Биз менен байланышыңыз

Ашууларда кардын калыңдыгы 15-60 см болууда

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 470 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда эртең мененки саат 10.00го карата негизги автоунаа жолундорунда ашуулардагы кардын бийиктиги тууралуу маалымат.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-30 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 15-60 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 12-32 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында жолдун айрым жерлеринде муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 8-32 см.

Бишкек-Торугарт автоунаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-15 см.

Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-30 см түзөт, жолдордун айрым жерлеринде муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу  62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 8-28 см  түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон.

Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 8-32 см түзөт жолдор тайгак, муз тоңгон.

Нарын-Казарман-Жалал-Абад  автоунаа жолунда кардын орточо бийиктиги 5-15см  түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM