Биз менен байланышыңыз

Жаштар айыл чарбасын өнүктүрүү тууралуу айтышты

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 700 | 0

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Республикалык жаштар конгрессинин ачылышы өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков иш-чаранын расмий бөлүгүнө катышууда.

Демилгелүү жаштар ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор жөнүндө айтып беришти. Алардын бири Тилек Токтогазиев агрардык тармактагы инновациялар жөнүндө презентация жасады. Ал өлкөнүн айыл чарбасынын деңгээлин көтөрүү жана Кыргызстандын өндүрүшүн инновациялык ыкмалардын жолу менен экспортко чыгаруу максатында “Жашыл чарба” долбоорун баштаган.

Бүгүнкү күнгө карата “Жашыл чарба” долбоору дыйкандарга мөмө-жемиштерди күнөсканада өстүрүүнү жана интенсивдүү багбанчылыкты өздөштүрүүгө жардам берген 200 активист тарабынан ишке ашырылууда.

Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси Жаштар күнүнө арналган. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан активдүү жана демилгечи топтордун өкүлдөрү катышууда. Конгресс 140тан ашуун делегатты чогултту.

“2017-2020-жылдарга карата жаштардын саясатын өнүктүрүү” өкмөттүк программасынын тегерегиндеги талкуулар эки күнгө созулат жана 5 блокко бөлүнгөн. Конгресстин ачылышында жаштардын мыкты долбоорлорунун презентациялары көрсөтүлөт.

Андан соң Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги жогоруда аталган программаны ишке ашыруу боюнча жумуш тууралуу айтып берет. Ошондой эле катышуучулар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайына топтордогу жумуштарды жана пленардык талкууларды өткөрүү үчүн барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM