Биз менен байланышыңыз

Жаштар конгрессине президент катышууда

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 483 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда Жаштар күнүнө карата өтүп жаткан конгресске биринчи жолу президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат. Эки жылда бир жолу уюштурулуп келген бул жыйында өлкө аймагы боюнча жаштар чогулду.

Анда алар сунуштарын, долбоорлорун айтып, көйгөлөрү менен да бөлүшүүдө. Жаштардын жыйыны эки күнгө созулат.

Президент эң мыкты делген долбоорлор боюнча өз пикирин билдирип, колдоого татыктуу ойлор экенин белгиледи.

Силердин долбоорлоруңарды угуп кубанып отурам. Жаштарга көңүл буруп, колдоо көрсөткөн гана мамлекет бакубат мамлекет деп билем.

Маалыматка ылайык, өлкө калкынын 27% жаштар. Алардын жаш курагы 14-28 жаш аралыгында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM