Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев орусиялык кесиптеши менен жолукту

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 476 | 0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн ИИМ башчысы Владимир Колокольцев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар мурда президенттер тарабынан макулдашылган кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашырууну талкуулашты.

Андан тышкары, эки министрликтин ортосундагы 2007-жылдын 16-июнунда “Кызматташуу боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” протоколуна кол коюлган. Ага ылайык, аталган эки мекеме өкүлдөрүнүн Орусия жана Кыргызстан аймагында укуктук макамы бекемделет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM