Биз менен байланышыңыз

Alibaba сатуу боюнча рекорд койду

Дүйнөнүн эң ири интернет-дүкөнү Alibaba Group онлайн сатуу боюнча дүйнөлүк жана өздүк рекордун жаңылады. Муну ал компания тарабынан ойлоп чыгарылып, 2009-жылдан бери белгиленип келе жаткан «Бойдоктор күнүнө» карата жасады.

Акциянын башталганынын алгачкы 85 секундунда компания 1 млрд доллар киреше тапты. Ал эми биринчи сааттын ичинде болсо 10 млрд долларга чыккан кирешенин көлөмү бир нече саттан кийин компаниянын 2017-жылкы рекордун жаңылап, 25,7 млрд долларга чыкты.

Ошентип, бир күндүк бойдокторго арналган сатуу акциясында кардарлар 30,8 миллиард доллар коротушту. Бул дүйнөнүн да рекорду болуп калды.

Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча «Бойдоктор күнүнө» карата уюштурулчу бул акция Америкадагы «кара жума» деп аталчу акцияга караганда алдаганча кирешелүү болуп саналат. Сатылуучу товарлардын тизмесин 180 миңден ашуун бренддин продукциялары толуктап, дүйнөлүк маркалар да сатылат.

Alibaba өткөн жылы Европа менен Америкада да сатуу иштерин баштагандан тарта онлайн буюртмалардын көптүгүнөн мобилдик тиркемеси иштебей калган учурлар болгон.

Дагы бир жагдай, бул акциянын артынан компаниянын негиздөөчүсү Жек Ма башкаруучулар кеңешинен биротоло кетери күтүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM