12-15-ноябрга чейин Бишкектин бир топ аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы кабарлайт.
Маалымат боюнча, 12-13 — ноябрда Бишкек шаарынын Ленская, Лазо, Фучика көчөлөрүндө;
— 13-14-ноябрда Бишкектин Шукуров, Жантөшев, Карадарьинская, Ясенский көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
-14-15-ноябрда Аламедин айылынын Гидростроительная, Чапаев, Набережная, Аламедин д. көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы үзгүлтүккө учурайт.