Биз менен байланышыңыз

«Айтматов жана театр» фестивалы өтөт

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 869 | 0

Бүгүн, 12 ноябрда Бишкекте «Чыңгыз Айтматов жана театр» эл аралык фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.

Иш-чаранын башталышында эртең мененки саат 09:30да Бишкек шаарындагы Киев көчөсүндө Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлат. Андан кийин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу ачылышы башталат.

Фестивалдын алкагында 5-6 спектакль коюлат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Орусия мамлекетинен келген театр өкүлдөрү өздөрүнүн эң мыкты спектаклдерин көрсөтүшөт.

Мындан тышкары жазуучунун туулган күнү 12-декабрга карата өткөрүлө турган чоң мааракеге даярдыктар көрүлүүдө.

Эске салсак, 8-ноябрда Талас облусунда Айтматовго арналып акындар айтышы, спорттук оюндар өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM