Биз менен байланышыңыз

Биоактивдүү кошулмалардын пайдасы жана зыяны

Ден соолук | 9 Ноя 2018 | 1805 | 0

Америка сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө нандай керектелген биоактивдүү кошулмаларга (БАД) Кыргызстанда да суроо-талап өстүбү? Жөнөкөй кальцийдин баасынан асман менен жердей айырмасы болгон биоактивдүү кошулмаларды табигый дарылоо ыкмасына алмаштырууга болобу?

Борбор калаадагы дарыкананын кайсынысына кирбеңиз сиз издеген биоактивдүү кошулманын түрүн сунушташат. Анткени алар дарыгердин сунуштамасы жок эле сатылат. Анын үстүнө дарыканаларда биоактивдүү кошулмаларды сатуу пайдалуураак. Жада калса бул багытта тармактык маркетинг да өскөн. Аны саткандар биоактивдүү кошулмалар дарыдан да таасири жогору дешет.

Медициналык дарыга караганда бул кошулмалар жакшы. Анткени муну алгандар толугу менен айыгып жатат. Бизнес дегени менен пайдалуу жагы да бар. Эң арзаны 666 сом болсо, кымбаты андан жогору турат. Булардын кымбат болгонунун себеби табигый чөптөр.

Мурдагы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бул кошулмалардын зыяны жок экенин белгилейт. Анын айтымында, биоактивдүү кошулмалар өнүккөн өлкөлөрдө нан сыяктуу керектелет. Ал эми Кыргызстандагы кырдаалда айлык акынын айынан акча жасоо үчүн айрым дарыгерлер бейтаптарга себептүү жана себепсиз жазып берген учурлар көп экенин белгилейт.

Өнүккөн өлкөлөрдө бул кошулмаларды нандай жешет. Бул биоактивдүү кошулмалардын зыяны жок. Аларда адамдын организмине эмне витамин жетпей жатса, керектүү өлчөмдө бар. Мисалы, адам жетиштүү витамин алуу үчүн 9 кг бадыраң жеш керек болсо, аны баары жей албайт. Андан көрө ошол кошулманы ичет. Бирок биздин дарыгерлер айлык акынын айынан бул тармакты да бизнеске айландырышты. Анткени ал компаниялар менен келишим түзсө, ал компаниядан дары алган сайын аларга бонус кошулат. Ошондуктан бейтаптарга кээде себептүү жана себепсиз жазып бериши мүмкүн. Бул акча жагынан зыянга учуратат.

Буга байланыштуу башка жакта жасалган биоактивдүү кошулмалардын ордуна табигый дары чөптөрдөн дары жасоого өтүш керектигин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова айтат. Анткени азыр сунушталып жаткан кошулманын эң арзаны 600 сом болсо кымбаты андан жогору. Ага кошумча анын натыйжасы да белгисиз.

Мисалы, бизде көп дары чөптөр бар. Ченемине жараша атайын дарыларды жасаса болмок. Эми бизге келип жаткан биоактивдүү кошулмалар кандай шартта жасалып жатат ал өзүнчө суроо. Андан көрө адистер биригип, алардын ордуна колдоно ала турган дарыларды жасаса колдомокмун.

Биоактивдүү кошулмалар табигый чөптөрдөн, минералдардан таблетка, суюк бальзам сыяктуу түрдө чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM