Биз менен байланышыңыз

Германия: Меркелдин ордуна ким келет?

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 1032 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель декабрда өзү 20 жылдан бери башкарып келген Христиан-социалисттик партиясынын жетекчилигин өткөрүп берет. Октябрда губернаторлордун шайлоосунда аталган партия эң чоң эки аймак Барселона менен Гессенде утулуп калгандан кийин, Ангела Меркель партия башчылыгынан кетерин жарыялаган.

Эми анын ордуна келчү партия жетекчилигине үч негизги талапкердин аты аталды. Алар бизнесмен Фридрих Мерц, партиянын баш катчысы Аннегрет Карренбауер жана саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан.

Меркель өзү партиядан кеткени менен канцлердик кызматын мөөнөтү бүткөнгө чейин, башкача айтканда, 2021-жылга чейин улантарын айткан. Бирок серепчилер анын бул кызматта дагы үч жыл отура алар-албасын талкуулап жаткан чактары.

Ошентсе да декабрда өтө турчу партия ичиндеги шайлоо анын тагдырын чечери анык. Себеби талапкерлердин экөөсү Меркелдин канцлердиктен кетүүсү керектигин айтса, бирөө аны аягына чейин баруусун колдойт.

Copyright © 2017 Maral FM