Биз менен байланышыңыз

Депутаттарды «байкуш» көрсөткөн декларация

Саясат | 9 Ноя 2018 | 1202 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылга карата чиновниктерге катталган мүлктөрдүн тизмесин жарыялады.

Мамлекеттик салык кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун киреше жана чыгашасын жарыялады. Өткөн жылы негизги эки жумушунан өлкө башчы 890 миң 994 сом тапкан.

Буга кошумча өзүнө тийиштүү делген 160 чарчы метр жер аянтындагы үй, 50,9га жер тилкеси жана МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактор көрсөтүлгөн. Ошону менен президенттин мүлкү 2016-жылга салыштырмалуу азайган.

Экс-президентке келсек, Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 100млн 118 миң сом тапкан. Чыгашасы 77 млн сомду түздү. Декларацияда өзүнө тийиштүү  64 жана 27 га жер тилкесин жана курулушу толук бүтө элек 116,34 чарчы метр үйдү көрүүгө болот. Ошондой эле жеке бизнестери бар жеп жазылган.

Башка дагы жогорку кызмат адамдарынын өздөрүнө жана жакындарына тийиштүү мүлктөр  жарыяланып жатканын Салык кызматынын башсы сөз катчысы Эркин Сазыков айтууда.

Бирдиктүү салык декларациясын 49 миң мамлекеттик кызматкер тапшырды. Анын ичинде административдик, саясий жана атайын наам менен иштеген кызматкерлер камтылган болчу. Бул компания жыл башынан 1-апрелге чейин жүргөн. Анда маалыматтар жалпыланган негизде жыйналган. 2017-жылы кызматкердин канча киреше жана чыгашасы болгондугу. Мындан тышкары анын жакындарыныкы дагы каралган. Бул маалыматтарды ноябрдан баштап жарыялап баштадык.

Ошондой эле биз Жогорку Кеңеш депутаттарына катталган мүлктөргө дагы кызыгып көрдүк. 2017-жылы парламенттеги 120 депутаттын 48инин турак-жайы жок болуп чыкты.

Мисалы 28 мандаттуу «Республика-Ата Журт» фракциясынын 15 депутатында, анын ичинде фракция лидери Жыргалбек Турускуловдун үйү жок экенин көрүүгө болот.  Ал эми 38 мандаттуу КСДПда 13 парламентарийдин турак-жайы көрсөтүлгөн эмес. Анын ичинде Кыргызстанда эң бай адамдардын катарын толуктаган Иса Өмүркулов дагы бар.

«Кыргызстан» фракциясынан болсо 8, «Бир болдон» 3, «Өнүгүү Прогресстен» 4 жана «Ата-Мекен» фракциясынан дагы төрт депутаттын наамына үй катталган эмес. Биз дагы  «Ата-Мекен» фракциясында үйү жоктордун  катарын толуктаган депутат Сайдулла Нышановго микрофон сундук.

Мен өзүмө тийиштүү мүлктүн баарын декларацияга ачык  көрсөткөм. Өзүм аялымдын атындагы үйдө жашайм. Эгер башка бир тууганымдыкында жашасам, анда башка маселе болмок. Силер мен жашаган жерди келип көргүлө!

Анткен менен, эксперттер бүгүнкү күнү чиновниктердин басымдуу бөлүгү өзүнө таандык мүлктү ачыктабай жатканын айтып келишет. Анткени коррупциялык иштердин дээрлик баардыгы байлык топтоо үчүн жасалып жатканын  Кыргызстандагы коррупцияга каршы кеңештин төрайымы Нурипа Муканова айтат. Бирок муну ачыктаганга механизмдер жок деди.

Азыркы учурда чиновниктердин өзүнө таандык мүлктү ачык көрсөтүүгө механизм жок болуп жатат. Ошондуктан кызматкерлерди бирден текшергенде деле жыйынтык чыкпайт. Анткени болгон маалыматты Салык кызматы кайра эле прокуратурага жөнөтөт. Аны кандай изилдейт. Ал дагы белгисиз бойдон кызматке келет. Ошентип ачык-айкындуулук болбой калат.

Ал үчүн биринчи кезекте тизгинди жеке Салык кызматына бербестен, АКС өңдүү коопсуздук кызматтарына өткөрүп берүү натыйжалуу болмок.  «Бул кызмат бир гана декларация менен отурганы туура»- деди, «Салык төлөөчүлөр парламентаризм үчүн» кыймылынын мүчөсү Рита Карасартова.

Декларациянын аркасы менен ким ачык иштеп жатат тапса болот. Дүйнөлүк практикада декларацияны изилдеп, коррупция менен күрөшкөн органдар бар. Бизде болсо АКС, УКМК органдар милициянын эле функциясын аткарып жатышат. А башка мамлекетте ошол органдар салык декларациясы менен гана иштеп келатышат. Эгер киреше менен чыгаша дал келбесе, изилдөө иштерин башташат. Ошондуктан милдетти Салык кызматына берип эле токтоп калбастан, андан ары АКСти декларация менен гана иштеген орган кылыш керек.

 Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлердин декларациясында көрсөтүлгөн мүлктөрдү тактап чыгуу тапшырмасын тийиштүү органдарга берген.

Жыл соңуна чейин Салык кызматынын жашыруун иштеген жумушчу тобу жыйынтыктарын жарыялайт.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM