Биз менен байланышыңыз

Кымбат баалуу жылкы таптаган депутаттар, алар кимдер?

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 1216 | 0

Салык кызматы депутаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлктөрү тууралуу маалымат таратты. Анда мүлктөрүнүн тизмесине аттарын, мал жандыктарын киргизгендер да болгон.

Аттары бар деп эң көп сумма көрсөтүлгөндөрдүн алдыңкы сабында депутат Канатбек Исаев турат. Анда жалпысынан 11 млн 737,5 миң сом өлчөмүндө бааланган аттары бар деп көрсөтүлгөн.

Экинчи орунда депутат Иса Өмүркулов турат, 7 млн сомду түзгөн. Ал эми 3-орунда Урматбек Самаев 5 млн сом, 4-орунда Өмүрбек Бабанов 4 млн 434 миң 742 сом болгон.

Белгилей кетсек, бул аткаминерлердин 2017-жылдагы көрсөткөн мүлкү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM