Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун төрагалыгы Кыргызстанга өттү

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 644 | 0

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйынына төрагалык кылат. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Орусиянын президенти Юрий Ушаков “Биз Казакстандын ЖККУга жасаган төрагалыгын жакшы баалайбыз. Андан соң кезектеги төрагалык Кыргызстанга берилет”, — деп айткан.

ЖККУнун Астанада өтүп жаткан саммитине Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Беларусиянын, Тажикстандын президенттери катышат. Анда аймактык коопсуздукту камсыздоо, Сирия жана Ооганстандагы жагдайлар, кризистик аймактар талкууланат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча президенттер маалымат каражаттарына билдирүү жасашат.

Copyright © 2017 Maral FM