Биз менен байланышыңыз

Астанада кыргыз-тажик мамилелери талкууланды

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 521 | 0

Астана шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, тышкы саясат, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алаканын келечегин талкуулашты.

Бүгүн, 8-ноябрда Астанада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны өтүүдө. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерининин кеңеши, коргоо министрлеринин кеңеши, коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны да өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM