Биз менен байланышыңыз

Алкоголдук ичимдиктерден арылган тойлор

Коом | 6 Ноя 2018 | 699 | 0

Кыргызстанда соңку жылдары алкоголдук ичимдиктер аз колдонулуп жатат. Өткөн 2017-жылы өлкөдө 19 млн 810 миң литр алкоголдук ичимдик сатылган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 3 миллион 450миң литрге аз экенин, улуттук сататистика комитети маалымдады.

Бүгүнкү күндө алкоголдук ичимдиктерди пайдалануу кагаз жүзүндө гана эмес, реалдуу түрдө азайганы байкалууда. Мындай пикирин той-маарэкелерди алып барып жүргөн тамада, шоумен Бакыт Байсариев билдирди.

-Тойлор статистика комитетинин айтканындай эле болуп жатат. Мурда 5 тойдун бири адал негизде өтсө, азыр тең жарымы эле ушундай өтүп атат. Тойго келген коноктордун баары ичпей койду деген да туура эмес. Атайын суулардын идишине куюп киргендер да бар.

Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери спирт ичимдигин пайдалануу азайганын жарандар да ырастоодо. Алар мунун себебин жаштардын илим билимге умтулуусу жана диний маданияттын жогорулашы менен байланыштырууда.

-Акыркы учурда Кыргызстанда мечитке баргандар көбөйдү. Ал жерде үгүт иштери да болуп жатат. Мурда 5-6 куту арак алынып келинсе, азыр 1-2 куту алышып, алар да артып калат.

Ал эми алкоголдук ичимдик ичкендердин азайышын ыймандуулуктан эмес, баалардын жогорулоосуна байланыштыргандар да жок эмес.  Анткени өткөн жылдан тарта алкаголдук ичимдиктерге болгон аксиз салыгы да бир топ жогорулаган. Мисалы, күчтөндүрүлгөн суусундуктар менен бальзамдарга болгон баа литрине 6 сомдон, 70 сомго чейин кошулган. Деген менен, “ичимдиктердин аз сатылуусуна алардын баасынын дээрлик таасири жок” дейт алкоголдук ичимдиктерин өндүрүүчүлөр бирикмесинин президенти Турсунбек Күрөңкеев.

-ЕАЭБдин максаты боюнча 5 мүчө мамлекеттин арасында баасы, салыктын көлөмү бирдей болушу керек. Бирок Орусияда 2015-жылы арактын аксизи бизге которгондо 250 сом болчу. Анда Кыргызстанда ал баа болгону 40 сом эле.

Ал кошумчалагандай, аксиз салгынын көбөйүшү ЕАЭБдин талаптарына ылайык болууда. Анткени товар алмашууда тең салмактуулук болушу үчүн, ага мүчө мамлекеттердин баарындагы аксиз салыктары бирдей болушу шарт. Мындан улам анын баасы 2021-жылга чейин дагы да кымбаттоосу күтүлүүдө.

-Арак ичкендер кыйла азайып атат. Мурда тойлордо да көп кездешчү. Азыр көп байкалбайт. Үйлөнгөндө да дасторконго ичимдик койбогон тааныштарыбыз көп болуп жатат. Негизги себеп дин түшүнүгүнүн өнүгүшү окшойт.

-Азайды. Тымызын түрдө ичкендер болуп жатат.

-Өзүм деле бир топ тойлорго барып жүрөм. Көбү дасторконго койбой калышты. Мындай тойлор 60-70 пайызга жетет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда соңку 4 жыл аралыгында алкоголдук ичимдиктерди сатып алуу 3миллион 450 миң литрге азайган.

 

Copyright © 2017 Maral FM