Биз менен байланышыңыз

Улуттук стратегиянын 5 жылдагы приоритеттери айтылды

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 651 | 0

2018-2040-жылдары өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген өлкөнү жакынкы беш жылда өнүктүрүүнүн приоритеттери аныкталды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев маалымат берди.

Анын айтымында, 2023-жылга чейин энергетика, тоо кендерин казып алуу жана иштетүү өнөр жайы, жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм негизги приоритет катары саналат.

2021-жылы иштеп баштачу «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу улантылат. Кийинки жылдан тартып эки подстанция жана электр берүүчү чубалгыларынын курулушу башталат. Бул Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатат деп кошумчалады.

Данияр Иманалиев региондорду өнүктүрүү быйылкы жыл менен чектелип калбайт, алдыдагы беш жыл бою артыкчылыктуу багыт боюнча каларын баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, мектептерди интернет менен камсыздоо программасы иштей баштайт.

Жакында 2040-жылга чейин өнүгүү стратегиясын  ишке ашыруу үчүн атайын түзүм уюштурулушу ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM