Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Журналисттердин таасири күчөдү

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 557 | 0

Кыргызстандын экс-президенти, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев массалык маалымат каражаттарын басма сөз күнү менен куттуктады. “Марал” радиосуна анын куттуктоосун КСДП партиясы жеткирди.

Атамбаев өз сөзүндө акыркы жарым кылымда массалык маалымат каражаттары “төртүнчү бийлик” болуп калыптанганын, коомчулукта таасири күчөгөнүн белгилейт. ЖМКларда жарыяланган билдирүүлөр аткаминердин карьерасын токтотуп, бир канча саат ичинде эле маанилүү долбоорлор тууралуу коомчулукка жарыялап, коомдук пикир жарата алышат.

Атамбаев ошондой эле журналистика Кыргызстанда кайсы бир мезгилде кооптуу кесип болгонун, анын курмандыгына Геннадий Павлюк, Алишер Саиповдор кабылганын айтат.

“Апрель окуясынан кийин мындай коркунучтар артта калды. Бирок бүгүнкү күндө журналисттер коомдо ачыктык, демократиянын принциптерин сакташ үчүн мекенчилдик сезими болушу керек. Учурда бул маселе абдан курч турат”, — дейт Атамбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM