Биз менен байланышыңыз

Баткен: Белгисиз бирөө депутатты атып кетти

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 1222 | 0

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жаңы-Жер жергиликтүү кеңешинин депутаты Кубаныч Баяновго белгисиз бирөө ок чыгарган. Анын абалы орточо оор деңгээлде деп бааланууда, учурда ооруканада.

5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү белгисиз бирөө депутаттын үйүнүн жанында аны атып, качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “адам өмүрүнө кол салуу беренеси” менен иш козголгонун облустук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Copyright © 2017 Maral FM