Биз менен байланышыңыз

Надаль АТПнын финалдык туруна катышпайт

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2018 | 820 | 0

Испаниялык теннисчи, дүйнөнүн биринчи ракеткасы Рафаель Надаль кесипкөй теннисчилердин биринчилигинин финалдык туруна (АТП) катышпайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасынан билдирди.

Бул жыл мен үчүн оор жыл болду. Тиземдеги грыжа жана курсак булчуңундагы оору тынчсыздандырып жатканына байланыштуу операцияга макулдук бердим. Бул үчүн маанилүү беттештерди кое турууга туура келди. Колдоолоруңар үчүн рахмат!”,-деп жазган.

АТПнын жыйынтыктоочу туру 11-18-ноябрда Лондон шаарында  өтөт.

Эске сала кетсек дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону 32 жаштагы Рафаель Надаль мындан мурунку чейрек финалда да ооруга байланыштуу оюндан баш тартып, АТПнын лидерлигин сербиялык Жоковичке калтырып кеткен эле.

Copyright © 2017 Maral FM