Биз менен байланышыңыз

БУУнун конвенциясын ишке ашырууга 6,5 млрд сом бөлүнөт

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2018 | 762 | 0

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясы Жогорку Кеңеште биринчи окууда ратификациядан өттү. Аталган конвенцияда каралган нормаларды жүзөгө ашыруу үчүн 6,5 млрд сомдун тегерегиндеги акча керектелет. Ал каражат 10 жылдын аралыгында бөлүнүп берилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражат инфраструктура, билим берүү, турак жай менен камсыз кылуу, социалдык кызматтар жана башка маселелерге каралат. Өкмөт өзүнө милдет катары алган соң 10 жылдын ичинде аталган маселелер чечилет.

«Эми бул маселе палатага чыкса депутаттар толук колдоп берет деп ишенем. БУУнун  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тууралуу конвенциясы көп каражат талап кылат десек дагы көп күтөбүз. Ошондуктан муну ишке ашырууну чечтик», — дейт Өмүрбекова.

Ал буга кошумча, өкмөт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин адистиги туура келсе иш менен камсыз кылуунун үстүндө да иштеп жатканын айтып өттү.

«Социалдык өнүгүү министрлигинин алдында жумушчу топ анализдеп карап чыксын дегенбиз. Тилекке каршы, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жумуш орундарын берүү боюнча мыйзамдын беренеси толук кандуу иштебей жатат. Азыр бардык министрликтерден жалпы маалымат алып, коммерциялык уюмдарга да үгүт жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди иш менен камсыз кылууга аракет кылабыз. Аларга бардык медициналык кызматтар акысыз», — дейт вице-премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM