Биз менен байланышыңыз

“Эйр Кыргызстан” менчиктештирүү программасына киргизилди

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 545 | 0

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы менчиктештирүү программасынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтуусунда, компанияда учак жетишсиз. Бир борт Румынияга ижарага берилген, экинчиси жараксыз абалда. Министр менчиктештирүү программасына тоо кен тармагындагы 5 компания киргенин кошумчалайт.

Буга чейин Жогорку Кеңеште мамлекеттик жалгыз “Эйр Кыргызстан” авиа компаниясын сатуу сунушу көтөрүлүп, депутат Адыл Жунус уулу компаниянын эң жакшы киреше тапкан учурдагы каражатын ресторандын тапкан кирешесине салыштырып, сындаган.

Copyright © 2017 Maral FM