Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке дагы 46 млн 706 миң сом которду

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 650 | 0

Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке 46 млн 706 миң сом которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аталган эсепке экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн өндүрүлгөн акчалар түшөт.

Натыйжада Башкы прокуратура эсепке жалпысынан 181 млн 578 миң 535 сом өлчөмүндөгү каражат которгон.

Эскерте кетсек, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы 3-июлда ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM