Биз менен байланышыңыз

IT тармагына мамлекеттик буйрутмалар жок болууда

Коом | 5 Ноя 2018 | 911 | 0

Кыргызстанда жогорку технологиялар паркы боюнча мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Анын эң башкы максаты өлкөдө программа түзүү боюнча компанияларды ачык каттоодон өткөрүү, ачык экономикага чыгаруу болуп эсептелет. Ал максатта 2013-жылдан бери жогорку технологиялар паркынын дирекциясы түзүлгөн. Учурда жогорку технологиялар паркында 40тай ишкана бар, алардын эмгегинин 80 пайызы экспортко чыгат. Буга байланыштуу мамлекеттик буюртмалар дээрлик жок болууда.

Бул маселе боюнча жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов суроолорубузга жооп берди.

Марал: Бүгүнкү күндө Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгү кандай жүрүп жатат?

Алтынбек Исмаилов: Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы 2013-жылы кабыл алынып иштей баштаган. Ошол жылдын башынан бери эле биздин IT секторунда иштеп жаткан ишканалар абдан чоң мүмкүнчүлүктөргө жетишүүдө. Себеби алар расмий түрдө катталып, расмий түрдө банкта эсебин ачып, адистерди алып жана башка мүмкүнчүлүктөрү болууда. Анткени мыйзам боюнча жогорку технологиялар паркына кирген компаниялар ири салыктардан бошотулуп, айрым салыктар боюнча жеңилдетүү алышты.

Марал: Канча ишкана бар?

Алтынбек Исмаилов: Эң башында 4 ишкана ачылган болсо, учурда 40ка жакын ишкана катталды. Алардын ичинде 500дөн ашык IT адистери иштейт. Алардын кирешелери 2014-жылы 40 млн сомдон башталса, азыркы учурда биздин резиденттердин кирешеси 600 млн сомго жетүүдө.

Марал: Бул ишканаларга мамлекеттик буйрутмалар түшүп жатабы? Же жалаң экспорт аркылуу киреше табышабы?

Алтынбек Исмаилов: Бул суроо татаалыраак. Себеби мыйзам боюнча биздин ишканалар өзүнүн кирешесинин 80 пайызын экспорт аркылуу табышы керек. Ошондуктан бул компаниялар мамлекет тарабынан жарыяланган чоң-чоң конкурстарга катыша албай жатат. Эгер катышса экспорттун да көлөмүн чоңойтуу керек болуп калат. Бул биринчи тоскоолдук.

Мындан тышкары, IT тармагында иш алып барган компанияларга болгон техникалык талаптар, кандай иш алып баруусу керектиги так жазылган эмес. Ушул багытта да маселе жаралууда.

Марал: Сиздер бул боюнча тийиштүү жактарга кайрылдыңыздарбы?

Алтынбек Исмаилов: Санариптик трансформация боюнча программа түзүү маселеси каралып жатат. Биз ошол процесстерге катышып, жогорку технологиялар паркынын резиденттери канткенде өлкөнү санариптештирүүгө катыша аларыбызды талкуулап жатабыз. Эн маанилүүсү, акыркы 5 жылда биздин ишканалардын экспертизалар, компетенциялары топтолуп калган. Ошолорду атамекендик бизнеске, ишканаларга өткөрүп берүү маселеси турат. Анын үстүндө да иш алып баруудабыз.

Марал: Жогорку технологиялар паркына кирген ишканалар мамлекеттик буюртмалар менен иш алып барган пайдалуубу?

Алтынбек Исмаилов: Биринчиден, аларга экспортко чыгуу талабын койсок алар Кыргызстандын ичинде эле эмес, дүйнөдөгү атаандаштыкка да чыга алышат, тажрыйба топтошот, өндүрүмдүүлүгү чоңойот. Бул биздин ишканалар үчүн өтө пайдалуу. Бирок ошол эле учурда алардын дүйнөлүк тажрыйбасын биздин атамекендик долбоорлорго кошсок, алардын сапаты жогоруламак. Биз мунун үстүндө иштешип жатабыз.

Copyright © 2017 Maral FM