Биз менен байланышыңыз

Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокерге протез акысыз коюлат

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 572 | 0

Майлуу-Суу шаарында токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевге акысыз түрдө протез коюп беришет. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекеме жоокер Сапарбаевге жардам берүү максатында  2 миллион сомдон ашуун каражат топтогон. Аны менен катар Бишкек шаарындагы медициналык борбор менен протезди акысыз орнотуп берүү боюнча макулдашкан.

Борбордун дарыгерлери Руслан Сапарбаевди 3-ноябрда барып текшеришип, бир айдан соң протездөөгө даяр болот деп билдиришкен.

Эске салсак, 19-августта жоокер нөөмөт учурунда көмөк чордонундагы зымдарга тийип, күйүк алган. Аны Бишкекке ооруканага алып келишип, дарыгерлер эки колун чыканагына чейин кесип салууга мажбур болушкан.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM