Биз менен байланышыңыз

Кумтөр: Келишим аткарылса, дивидент төлөнө баштайт

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 707 | 1

Centerra Gold Inc. компаниясы дивиденттерди «Кумтөр» боюнча келишим аткарылгандан кийин төлөп баштайт. Жыл аягына чейин сүйлөшүүлөр аяктаса компания дивидент төлөөнү улантат.

Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Алимбеков парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал дивиденттик саясат Канаданын мыйзамы менен ишке ашаарын, учурда бир да акционер төлөм ала электигин кошумчалайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан соңку эки жылдан бери «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынан дивидент ала элек.

Copyright © 2017 Maral FM