Биз менен байланышыңыз

Элчилик: Кыргызстандан барган мигранттар орус тилинен аксашат

Кыска кабар | 4 Ноя 2018 | 1041 | 0

Кыргызстандан барган мигранттардын орус тилин билүү деңгээли төмөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Анткени элчиликке кыргызстандыктарды жумушка алган ишкерлерден даттануулар түшөт. Орус тилинде начар сүйлөгөндүктөн улам жогорку маяналуу жумуштарга орношо албай тургандыктары белгиленген.

Кошумчалай кетсек, учурда Орусияда 600 миң кыргызстандыктар бар. 2018-жылдын башынан тарта мекендештер Кыргызстандын бюджетине 1 млрд доллар акча которушкан.

Copyright © 2017 Maral FM