Биз менен байланышыңыз

Журналисттер президентке кат жазышууда

Коом | 5 Ноя 2018 | 1212 | 0

Басма сөз күнүнө карата журналисттер тобу “Президентке кат куржун” акциясын уюштуруп жатышат. Уюштуруучулардын айтымында куржунга ар бир журналист президентке болгон суроосун узата алат. Учурда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өздөрүнүн каттарын салышууда. Куржун өлкө башчысына тапшырылат.

Биринчи жолу Кыргызстанда «Президентке кат куржун» акциясынын алкагында кыргызстандык жалпы журналисттер өлкө башчысына ар кандай суроолорун кат түрүндө узатышууда. Демилгечилердин айтымында бул акциянын максаты өлкө башчы менен журналисттердин ортосуна көпүрө болуп берүү. Уюштуруучулардын бири Дана Абдыбекова журналисттер жүрөгүн өйүп жүргөн суроосун түздөн-түз президентке узатууга мумкүнчүлүк алышарын айтат.

Журналисттердин үнү десек болот. Акыркы мезгилде журналисттердин аброю түшүп бараткандай. Мурдагыдай журналистиканын өзү баалуулук болбой калды. Ошол себептен бул акцияны уюштуруп жатабыз. Ар бир журналист өзүнүн көкүрөгүндө катылып жаткан көйгөйүн кат түрүндө президентке узата алат. Тегерек стол, пресс конференцияда эмес, жеке кат түрүндө берүүгө мүмкүнчүлүк алып жатышат.

Ал эми эксперттер бул ирет журналисттердин укугун же алардын көөдөнүндөгү көйгөйүн президентке жеткирип, же аны чечүү демилгеси башка бир бейөкмөт уюмдар тарабынан эмес, журналисттердин өздөрү тарабынан болуп жатканы кубандыраарлык саамалык деп баалашууда. Медиа эксперт Марат Токоев бул жакшы көрүнүш экенин айтып, акция боюнча оюн бөлүштү.

Кайсы бир бейөкмөт уюм журналисттердин тарабын талашып, алар үчүн саамалык уюштурбай, журналисттер өздөрү уюшуп жатканы кубандыраарлык. Өздөрүнүн көйгөйүн өздөрү чечүүгө аракети. Бул жакшы көрүнүш деп ойлойм.

Демилгечилердин айтымында, суроолор ар кандай өңүттө болушу мүмкүн. Бирок өлкө башчынын ага кайрадан жооп кайтаруу маселеси алардын актуалдуулугуна жараша болорун эске алууну эскертишет. Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов президент жазылган каттарга жооп берерине ишенет. “Бирок бул маселе анын басма сөз кызматынын жана алардын эскперттеринин ишине байланыштуу”,- дейт.

Албетте журналисттердин үмүтү чоң. Журналистика чөйрөсүндөгү оорчундуу көйгөйлөр чечилеби деген ойдо каттар болсо керек. Менин оюмча аларга жооп болот болуш керек. Бул басма сөз кызматына жана эксперттердин каалоосуна, аракетине байланыштуу деп ойлойм.

Белгилей кетсек, акция басма сөз күнүнө карата уюштурулууда. Ал күндүн алкагында көзү өткөн журналисттерди эскерүү иш-чаралары да болот.

Copyright © 2017 Maral FM