Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы Монголияга 85 млн доллар бөлөт

Дүйнө | 4 Ноя 2018 | 637 | 0

Азия өнүктүрүү банкы «Калыбына келчү энергия булактары» долбооруна Монголияга 85 млн доллар берет. Бул тууралуу CNBC маалымат агенттиги жазган.

Келишимге Азия өнүктүрүү банкы жана Монголиянын өкмөтү кол коюшту. Долбоордун жалпы баасы 85,6 млн долларды түзөт.

Каражат 41 мегаватт кубаттуулуктагы системаны курууга жумшалат. Аккумуляторду сактачу технологияларга, энергияны көзөмөлдөө системаларына да сарпталат.

Ошондой эле Монголиянын алыскы аймактарындагы 260 миң адамды электр энергиясы менен камсыздайт.

Copyright © 2017 Maral FM