Биз менен байланышыңыз

«Депутаттардын позициясы Өмүркуловго чечим чыгарууда билинет»

Саясат | 2 Ноя 2018 | 846 | 0

31-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курамынан чыгарылды. Эл өкүлүнө «партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган» деген айып коюлган. Ошону менен бирге парламенттеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонгон. Ал эми Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты.

Эмне себептен партиядан чыгарышканын билбейм. Бирок мен партиянын эч бир да мыйзамын, тартибин бузган жокмун. КСДПга мен көчөдөн эле келген жокмун. Өзүмдүн ар-намысымды коргойм. Кийинки кадамдарым кандай болорун эми убакыт көрсөтөт.

Учурда аталган партиянын Жогорку Кеңеште 38 мандаты бар. Партиянын сунушун фракция депутаттары колдойбу деген суроо коомчулукту кызыктырып турат.

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев белгилегендей, Өмүркуловду фракциядан чыгаруу боюнча маселе чечиле элек.

Анын фракцияны жетектегени мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, карап чыгуу керек. Өмүркуловду фракциядан чыгаруу чечими кабыл алына элек. Чогула элекпиз, маалыматыбыз дагы жок. Ал эми Иса Өмүркуловдун партиядан чыгышы тууралуу кандай пикирде экенибизди дагы ойлонобуз.

Серепчилер Өмүркуловду лидерликтен бошотуу тууралуу маселени фракция чечүүсү керектигин белгилешет.  Ал эми депутат Улан Примов алгач партиянын чечиминин мыйзамдуулугун такташ керектигин айтып, фракция өзү каалагандай чечимин кабыл аларын кыйытты.

-Өмүркуловдун партиядан чыгарылганын ММК жарыялаган кабарлардан эле окудум. Фракция лидери өзүнүн пикирин билдирди. Коюлуп жаткан маселени фракция канча карайт жана кандай чечим кабыл алат, белгисиз. Муну убакыт көрсөтөт. Азыр бул маселени фракциянын күн тартибине киргизиле элек.

Жакында эле аталган партия тизмесинен депутат Кожобек Рыспаевди чыгарып, фракциядан да чыгаруу сунушун берген. Бирок депутаттар сунушту колдогон эмес. Андыктан Өмүркуловдун окуясында бир нерсе өзгөрүп кетүүсүнөн юридика илимдеринин  доктору Бекбосун Бөрүбашев күмөн санайт.

-Сунушту фракция колдобойт. Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен депутаттар чакыртып албайт. Партиянын саясий кеңеши чыгарган чечимди депутаттары колдобогондон кийин тарап эле кеткендери жакшы. Убакыт өткөн сайын партияны бекемдебей, ичинен ыдыратышууда. Бул коом үчүн жакшы көрүнүш, аны трагедия кылуунун кереги жок. Күчтүү партия деп атаганыбыз менен аны морадерлук, акча, коррупция ээлеп алган.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев партиянын сунушун депутаттар колдобой коюусуна себеп боло турган жагдайды атады.

-Азыр экс-президент менен азыркы мамлекет башчынын ортосунда тирешүү жүрүүдө. Өмүркуловду фракция лидеринен алуу сунушун эл өкүлдөр толугу менен колдобой коюсу ыктымал. Себеби парламенттеги депутаттарынын көпчүлүгү азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдойт. Кыргызстанда саясат кошоматчылыкка негизделген. Адилеттүүлүккө негизделген эмес. Саясий окуя барып Атамбаевдин камалуусуна алып барат. Андай кылбаса тирешүү улана берет.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын учурдагы абалы кризиске кептелип калганын коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков белгиледи.

Анын баамында, фракция депутаттары кандай чечим кабыл алуусунан көп нерсе билинет.

КСДП 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо оор абалда калат. Эгерде фракция Өмүркуловду лидерликте калтырса, анда Атамбаев саясатта жалгыз калганын көрсөтөт. Анда КСДП партиясы Жогорку Кеңештеги депутаттарга таасири жок саясий күч катары калып калат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 6-апрелинде Кыргызстан социал-демократтар партиясы жыйын өткөрөт. Жыйындын уюштуруу комитетин Алмазбек Атамбаев жетектемей болду.

Copyright © 2017 Maral FM