Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы “Каркыра” пункту убактылуу жабылды

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 633 | 0

Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен көзөмөл өткөрүү пункттары убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ал пункт 31-октябрда жарандарды, транспортторду жана жүктөрдү өткөрүүнү токтоткон. Пункттар сезондук болгондуктан, май-октябрь аралыгында гана иштейт. Кайрадан 2019-жылдын 1-майынан баштап ишке кирет.

Белгилей кетсек, “Каркыра” пункту 2003-жылдын 25-декабрында  көп багыттуу, автомобилдик көзөмөл өткөрүү пункту болуп негизделген.

 

Copyright © 2017 Maral FM