Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун 9 мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 691 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык террордук уюмдун 9 мүчөсүн кармады.

Мекеменин маалыматында алар 2017-жылдан бери Сирия менен Ооганстандагы террордук уюмга согушкерлерди тартуу жана даярдоо боюнча иш алып барып келишкен. Ошондой эле Кыргызстанда ок атуучу жана жарылуучу заттарды колдонуу менен диверсиялык аракеттерди көрүүгө аракеттенишкен.

Колго түшкөндөрдүн бешөө чет элдик, төртөө Кыргызстандын жарандары. Чет элдиктер террордук уюмдун эмиссарларынын тапшырмасы менен Кыргызстанга жөнөтүлүп, согушкерлерди тартууга милдеттенме алышкан.

Кармалгандарга карата кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM