Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Эл документтин баарын бир жерден бүтүрүүгө тийиш

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 4706 | 1

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров калкты бат тейлөө керектигин айтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ал министрликтин коомдук кеңеши менен жолугушту. Автоматизацияга өтүү калкты тейлөө мөөнөтүн кыскартарын белгиледи. “Жардамга кайрылган эл тиешелүү документтерди топтоп чуркабашы керек. Мунун баары бир гана мекемеде чечилүүгө тийиш”,-деп кошумчалады.

Коомдук кеңештин мүчөлөрү мониторинг жүргүзүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дареги аныкталганын айтышты. Министрликтин бюджети ачык-айкын болуп, коррупциялык тобокелдиктерди аныктап, аларды азайтуу керектигин белгилешти.

1 пикир

1 пикир

  1. Жуманазар

    04.11.2018 00:17

    Улукбек Клчкоров Кудай буйруса эл учун ак кызмат кылат. Анткени ал Садыр Жапаровдун кадры.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM