Биз менен байланышыңыз

Пакистанда өлүм жазасынын өзгөртүлүшүнө каршы митингдер өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 617 | 0

Пакистанда Мухаммед пайгамбарды шылдыңга алды делген христиан аял Асия Бибиге тагылган өлүм жазасынын алып салынышына каршы массалык каршылык акциялары өтүүдө.

Өлкөдө ашкере радикал саясий жана диний топтор мындай чечимди кабыл алган үч сотко нааразылык билдирип, өлүм жазасына дал ошолор татыктуу экенин жарыялап чыгышты.  Ошондой эле, динди шылдыңга алган Асия Бибиге өлүм жазасын кайра тагууну талап кылышууда. Бирок 2010-жылдан бери жалгыз кишилик түрмө камерасында отурган Биби өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагып келет.

Премьер-министр Имран Хан митингчилерди тынчтыкты сактоого жана диндин талап кылган адеп-ахлагын көрсөтүүгө чакырды. Бул кадамдары менен Ислам дининин жүзүнө кара так түшүрүп жатышканын эскертти.

Ал арада айыпталып жаткан Биби аны эркиндикке чыгаруу чечими чыкканда сотко катышкан эмес. Телефон аркылуу акталып, бошотулганын укканда ишене албай жатканын билдирип, катуу кубанган.

Ошентсе да аны жана адвокатын ар кандай коркунуч күтүп туруусу мүмкүн экенин айтып, жактоочусу кооптонууда. Анткени 2010-жылы Асия Биби камакка алынганда аны коргоп чыккан Пенжаб облусунун губернатору Салман Тасир кол салууга дуушар болуп, набыт болгон. Ага кол салган Мумтаз Кадри өлүм жазасын алгандан кийин анын тарапташтары урматына саясий партия түзүшкөн. Алар өлкөдө жумшартылып, өзгөрүүгө бара жаткан динге каршы сөз жана мамилелер үчүн жазалардын катаалдашуусун талап кылып келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM