Биз менен байланышыңыз

2019-жылы ажыга баруучулар биометрикалык паспорттун негизинде катталат

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 1700 | 1

2019-жылы ажылык сапарына бара турган жарандарды каттоо тартиби биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Учурда 2019-жылдагы ажылык иштерине даярдыктар көрүлө баштады. Ажылык  иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы. Буга байланыштуу келе жаткан жыл ажылыкка барууну каалаган жарандар биометрикалык паспорт менен катталышы керек.

Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн. Ар бир ажылыктын баасы 2890 доллар деп белгиленген. Ал эми ажылык ырасымына 7 миңден ашуун адам барып келди.

1 пикир

1 пикир

  1. Санжар

    24.02.2019 03:17

    Ажылыка бару учун 1550 доллар ото кымбат
    Ошондуктан Бишкек Дубай и арабяга барса
    болот туда обратно бош келгенинда эсептеп
    келсе болбойт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM