Биз менен байланышыңыз

Президент өлкөнү өнүктүрүүгө кол кабыш кылган донорлор менен жолугат

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 718 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылып жаткан донорлор менен жолугат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу 1-ноябрда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтөт.

Эске салсак, өлкө башчы 9-октябрда Талас облусунда, Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылында орто мектептин ачылыш аземинде өлкөнүн маданият, илим, билим ишмерлери, Өкмөт менен парламенттин мурдагы жетекчилери менен да жолугаарын айткан.

Ал мындан тышкары, маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, Кыргызстандын бизнес коомчулугу менен жолугушуу өткөргөн.

Жээнбеков негизги максаты – коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген активдүү адамдардын башын бириктирүү экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM